Мырзалымбеков, Байжан

Википедия дан

Байжан Мырзалымбеков (1947-2000) — 1947-жылы 7-сентябрда Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 1954-жылы Баетов айылындагы Ломоносов атындагы орто мектебине кирип, аны 1965-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун РДЭСУ мекемесинде куруучу болуп иштөөдөн баштап, 1967-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-1971-жылы Ак-Талаа автобазасында диспетчер, ага диспетчер болуп эмгектенген. 1976-1991-жылдары Ак-Талаа райондук сотунун сот аткаруучусу болгон. Иштеп жүргөн мезгилинде Кыргыз Мамлекеттик Университетинин сырттан окуп бүтүргөн. 1991-жылы Нарын шаардык сотунун судьясы, ал эми 1994-жылдан тартып төрагасы болгон. 1996-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Жумгал райондук сотунун төрагасы болуп эмгектенген. "Ал кайсы жерде болбосун "алдыңкы", "жакшы" деген атты өзүнүн атына коштоп кетти. Адам болуп жаралганда, жашап өткөн мезгилине жаркыраган из калтыруу чыныгы адамдык. Байжан мыкты адам катары артына өчпөгөн из, жол калтырды. Анын жолунда балдары өсүп, жакшы жашап жатышат. Эмгегин эл эч качан унутпайт. Ушунун өзү кыска өмүрдүн түбөлүк бактысы",-дейт Ак-Талаа райондук "Айыл турмушу" гезитинин башкы редактору Өмүрбек Дөлөев. "Жолдошум Байжан үй-бүлөнүн камкор атасы, күйүмдүү жолдош, өз ишине берилген инсан эле. Экөөбүз бирге чейрек кылым өмүр сүрдүк. Ушул убакыт ичинде анын кимдир бирөөнүн көңүлүн калтырганын, жаман сапаттарын көргөн жокмун. Ал ар дайым кичи пейил, кечиримдүү, токтоо, калыс адам болчу. Ал жогорку интеллектуалдуу, сылык адам катары түбөлүк эсибизде калды",-деп эскерет жубайы Рыскан Курманова. Өмүрлүк жары Рыскан эже кесиби боюнча бухгалтер. Алар 2 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрүштү. Темири ата кесибин аркалап, прокуратура кызматкери, Элдияр менен Фаридасы болочоктогу юриеттер, Жыргал, Канышай-мугалим.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек. 2007-ж.