Мыхлик, Василий Ильич

Википедия дан

Мыхлик, Василий Ильич (29. 12. 1922-ж. т., - 29 декабрь 1996, Москва) — эки жолу Советтик Союз Баатыры (23. 2.1945,29.6. 1945), полковник (1953). 1944-жылдан КПСС мүчөсү.

  • 1940-жылдан Советтик Армияда Ле­нин комсомолу атындагы Вольский авиациалык техника окуу жайын (1941) жанa Аскер-Аба академиясын (1951) бүткөн.
  • Улуу Ата Мек. согушта Брянск, Батыш, Ленинград, 3-Белорус фронтторунда 277-штурмалоочу авиадивизиянын бөлүктөрүндө учкуч, звено командири, эскадрилья командирине орун басар, эскадрилья командири.
  • 188 согуштук учуш жасаган. Согуштан кийин ААКта кызматта, 1966-жылдан запаста.
  • Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, Александр Невский, 1-даража Ата Мекендик Согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жанa медалдар менен сыйланган.
  • Кривой Рог шаарында Мыхликтин эстелиги бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.