Мышьяк рудалары
Мышьяк рудалары — бөлүп алууга экономикалык жактан татыктуу өлчөмдөгу мышьяк жанаа анын бирикмелери бар табигый минералдардын чогундусу.
Составында мышьяк (As) бар жаратылышта 120дан ашык минерал белгилуу. Алардын ичинен өтө кеңири таралгандары: арсенопирит (мышьяк колчеданы) FeAsS (составындагы As 46,0%), мышьяктуу колчедан (леллингит) FeAs2 (72,8%), реальгар AsS (70,1%), аурипигмент As2S3 (61,0%).
Пайда болушу жагынан Мышьяк рудаларынын көпчүлүгү эндоген сериясындагы гидротерм тобунун плутоген жана вулканоген класстарына тиешелуу. Мышьяк бирикмелери көбүнчө түстүү жана асыл металлдар (Си, Zn, Pb, Au, Ag ж. б.) менен бирге кездешет. Өнөр жайлык классификация боюнча Мышьяк рудаларынын кендери бир нече типке болунот: мышьяктуу (арсенопириттуу жана реальгар — аурипигменттуу), алтын-мышьяктуу, кумуш-мышьяктуу, полиметалл-мышьяктуу, мышьяк-кобальттуу, мышьяк- калайлуу.
Рудадагы мышьяктын одному 2%ке жетсе, өндүрүшко жарамдуу болуп эсептелет, бирок адатта мышьяктын олчому 5—10%ке жеткеп рудалар казылып алынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.