Мэгги Жилленхол

Википедия дан

Маргалит Рут "Мэгги" Жилленхол (англ. Maggie Gyllenhaal ;/ dʒɪlənhɑːl /; 1977- жылдын 16-ноябрында Нү-Йорк шаарында туулган) - америкалык актриса. Анын атасы — режиссер жана продюсер Стивен Жилленхол, апасы сценарий жазуучусу Наоми Фонер, актер Жейк Жилленхолдун эжеси.

Ал атасынын тасмаларында өспүрүм кезинде эле ролдорду ойноп, иниси менен бирге "Донни Дарко" (англ. Donnie Darko, 2001) тасмасыне тартылышкан. Актриса " Катчы кыз" (англ. Secretary, 2002) тасмасында Ли Холлоувэйдин ролун ойноп, коомчулуктун назарына түшкөн жана бул ролу үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгын алган. "Шерри балакай" (англ. Sherrybaby, 2006) тасмасындагы ролу үчүн "Көркөм фильмде эң мыкты актриса" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгына талапкер болгон. Актриса "Кара рыцарь" (англ. The Dark Knight, 2008) тасмасындагы ролу үчүн дагы жакшы ой-пикирлерди уккан. "Акылынан адашкан жүрөк" (англ. Crazy Heart, 2009) тасмасындеги ролу "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. "Макфи бала багуучу" (англ. Nanny McPhee and the Big Bang , 2010) "Кайра жыгылбайт" (англ. Won't Back Down, 2012) тасмаларына тартылган. "Фрэнк" (англ. Frank, 2014) ролу үчүн актриса BIFA Award (Британиялык эркин кино) сыйлыгына талапкер болгон.

2014-жылы актрисанын Бродвейдеги дебюту "Чындык" (англ. The Real Thing) тасмасы менен ачылган. Ошондой эле актриса "Нарк-санаттуу, тектүү аял" (англ. The Honourable Woman) деген Би-Би-Си телесериалында дагы роль ойногон. Ушул ролу үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгын алып, "Эмми" сыйлыгына талапкер болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]