Мэри Пикфорд

Википедия дан

Пикфорд Мэри (чын аты-жөнү — Глэдис Мэри Смит; 8. 4. 1892-ж. т., Торонто - 29 май 1979) — амер. киноактёр.

  • 1898- жылдан театрда, 1909-жылдан кинодо ойной баштаган. Мыкты ролдору реж. Д. У. Гриффиттин жетекчилиги менен тартылган.
  • Пикфорд жаш, тажрыйбасыз өспүрүм кыздын (амер. «Золушканын») образын түзүү менен дүйнөго таанылган.
  • Ал айрыкча «Кичинекей периште» (1917), «Полианна» (1920), «Мен арзыган кыз» (1927) ж. б. фильмдердеги ролдору менен кеңири таанымал болгоп.
  • Пикфорд — көптөгөн кинофирмалардын (мис., «Юнайтед ар­тисте», Гриффпг, Ч. Чаплин жана Д. Фэрбенкс менен бирге) уюштуруучусу жанa ээси.
  • 1933-ж. кинодон кетип, театрда ойногон, продюсерлик кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.