Мюнстер комунасы
Көрүнүш
Мюнстер комунасы (1534— 1535) — анабаптисттердин Мюнстер шаарындагы (Вестфалия) рев-ячыл элдик бийлиги.
- Мюнстерликтер менен сырттан келген анабаптисттер шаардын сеньёру князь-епископ Франц фон Вальдекке каршы куралдуу күрөш жарыялап, Мюнстер комунасын орноткон.
- Анабаптисттердин «12 карыя (старейшина)» совети чиркөө менен монастырдын, шаардан качкан жана куулган адамдардын мүлктөрүн жанa кымбат металлдарын көпчүлүктүн пайдасына конфискациялап, баюу максатында жүргүзүлгөн соодага, айырбаштоого адегенде чектее, кийин тыюу салган, акчаны жойгон.
- Мюнстер комунасы феодализмди революциячыл жол менен кыйратуу жана бурж. өзгөрүштөр жасоо максатын гана көздөгөн.
- 1535-ж. 25-июнда епископ аскерлери Мюнстерди алган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.