Мүдүрүм мөңгүлөрү

Википедия дан

Мүдүрүм мөңгүлөрүКакшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири 3 мөңгү (Батыш, Ортоңку жана Чыгыш М. м.). Мүдүрүм суусунун сол куймалары Болгонду менен Тешикчаптын аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан.

Батыш мөңгүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш мөңгүсүнүн уз.4.4 км, аянты 4,4 км2. Башы деңиз деңг. 4460 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 0,6 км2.

Ортоңку мөңгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортоңку мөңгүнүн уз. 4,3 км, аянты 4.5 км2. Башы 4660 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Бул мөңгүлөр жаткан цирктердин төрлөрүндө кардын калың топтолушуна батыштан соккон шамалдын таасири зор. «Тилдеринин» бети тегиз; кар чеги 4280 м бийиктикте.

Чыгыш мөңгүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгыш мөңгүсүнүн уз. 4,4 км, аянты 8 км2. Мөңгү жайык цирктин таманында жатып (эни 600 м), этеги 4000 м бийиктиктен бүтөт. Куралуу облусу бири-биринен жапыз урчуктар менен бөлүнгөн 3 камерадан турат. Каптал мореналары кар чегинен башталат. Этегинде бардык мореналар кошулуп, мөңгүнүн «тилинин» учун кууш дого сымал курчайт. Мөңгүлөрдөн башталган суу Мүдүрүмгө сол тараптан куят.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]