Мүрөк дарактар

Википедия дан
Catalpa speciosa.

Мүрөк дарактар (лат. Catalpa) – бигнониялар тукумундагы жалбырагы күбүлмө, анча бийик эмес дарак. Жалбырагы ири, гүлү эки жыныстуу, туура эмес түзүлүштө, чачы же шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү кутуча, сүйрүрөөк, көп уруктуу. Бийикт. 15-20 м келген, жыш пирамида шактуу, түз сөңгөктүү. Июнь айында гүлдөйт. Ыңгайлуу шартта жаш кезинде жылына 1 м өсөт. Суукка чыдамдуу. Шаар ичинде чаңга, түтүнгө, газга туруктуу болот. Жыгачы жеңил, жумшак, чирикке туруктуу. Уругу, калемчелери менен көбөйөт. Крымда, Украинада, Закавказьеде өстүрүлөт. Ошондой эле Борбордук Азиянын парктарында кездешет. Түндүк Америка жана Чыгыш Азияда 10 түрү тараган. КМШда 4 түрү кооздук өсүмдүгү катары өстүрүлөт. Нымдуу жерде жакшы өсөт, кооз өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]