Мүсүралиева Бакый

Википедия дан

Мүсүралиева Бакый (15.10.1922, азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Үгүт кыштагы – 1992, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). Эмгек жолун Ак-Талаа районундагы Жданов атындагы колхоздо катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1950-жылдан колхоздо баш чабан. 1955-жылы өзүнө бекитилген койлордун ар жүзүнөн 116дан, 1957-жылы 128ден, 1958-жылы 132ден, 1959-жылы 135тен козу, ар койдон, 3,2–4,4 кгдан жүн кыркып алган. 1959–67-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]