Мүсүр Токтогулов

Википедия дан
Токтогулов, Мүсүр Токтогулович
Туулган жылы:

1930-жыл

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Астрономия, Физика

Токтогулов Мүсүр Токтогулович (1930) - астрономия боюнча адис, КУУнун физика-математика факультетинин 1954-жылдагы бүтүрүүчүсү. Одесса мамлекеттик университетинен аспирантурасын (1968- 1968) аяктагандан кийин, азыркы И.Арабаев атындагы КМУнун физика кафедрасын жетектеп (1975-2000), астрономия боюнча лекция окуган. Илимий эмгектери метеорлордун кыймылдарына арналып, 90 ашык илимий эмгек, алардын ичинде 1 монография, 2 окуу китеп, 5 окуу - методикалык колдонмо жарыяланган. М.Токтогулов жана К.С. Шестаковдун автордугу менен «Метеордук агымдар жана ага байланышкан кубулуштар» (1973), «Астрономия боюнча факультативдик курс» аттуу китеби 1976-жылы кыргыз тилинде басылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.