Мөлмөлүм

Википедия дан
Мөлмөлүм
Аткаруучу

Тыныбеков Токтосун
Малик Аликеев
Мирбек Иманбеков
Мирбек Атабеков

Чыккан жылы

Белгисиз

Жанры

Фольклор , Эстрада

Ырдын тили

Кыргызча

Узактыгы

04:37 — 6:00 мүнөткө чейин аткарышат

Автору

Тыныбеков Токтосун
Барпы Алыкулов

Мөлмөлүм — 1884-1949-жылдар аралыгында жашап өткөн кыргыздын атактуу ойчул акыны Барпы Алыкулов жараткан ырларынын бири. Кийинчирек белгилүү ырчы Малик Аликеевдин аткаруусунда элге кеңири таралган. Учурда эстрада ырчылардын аткаруусунда жаңырып келе жаткан классикалык ыр болуп эсептелет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырдын тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм Белгилүү болот ыр менен.

Кедейликтин дартынан Кейип жаным өксүдүм. Тосо албады кедейлик Ашыглыктын өткөнүн. Жарыя айтпай бул ишти Канбайт окшойт көкшүнүм. Ышкыдар болдум, Мөлмөлүм, Коркосуңбу убалдан? Сени кошпой Барпы акын Чыга алабы кумардан!

Эки илабиң — кызыл гүл Ачылгандай, Мөлмөлүм, Бир карасаң — жүрөккө от Чачылгандай, Мөлмөлүм. Маңдай чачың — Маргалаң Жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың – баланын Тилегиндей, Мөлмөлүм. Гүлзар кылчы жүрөктүн Какшып жаткан чөлдөрүн.

Серпилишиң – чынардын Чырпыгындай, Мөлмөлүм. Ыргалышың — майдан тал Кырчынындай, Мөлмөлүм. Түшүндүрөм канткенде Чын сырымды-ай, Мөлмөлүм. Өтүмдүүсүң — Өзгөндүн Күрүчүндөй, Мөлмөлүм. Созулганың — зергердин Күмүшүндөй, Мөлмөлүм. Майиндигиң — жоргонун Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.

Оозуңдагы отуз тиш Күрүчтөн кынап тизгендей. Жакын келсең болбойбу, Жат экен деп сезгенбей? Айталбай сырым өтөмбү Же, пайитин таап кез келбей? Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, Ааламдан сендей таппадым. Ойлоп-ойлоп күнү-түн: — Мөлмөлүм! –деп какшадым.

Ышкысы күчтүү жаштыкты Ыксыз жакка чачпагын. Башымды берем тартууга Кедей деп менден качпагын.

Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан. Кадам койгон бутуңдан, Калемпир мончок жытыңдан.

Чыныга куйган бал болсоң, Чымындай ага малынсам; Чыгалбай жатып ошондо Чын өзүңө багынсам.

Чыгарып койсоң боор ооруп, Чырагың болуп жагылсам. Алты оролуп мойнуңа Ак маржан болуп тагылсам.

Жаңыдан түптөп бездеген, Жаш улан колун кезгеген Жанаша бүткөн алмаңдын Бирөөн бер деп жалынсам.

Угар белең үнүмдү? Алар белең тилимди? Сооротор белең баладай Санааркап жүргөн дилимди?

Бетиме түшсө жамалың, Ашыглык отко жанамын. Боорукер болсоң колдоп ал, Боздоп жүргөн баламын.

Алкымыңа жарашкан Алтын иймек сагагың. Ай тийгенсип көрүнөт Ак бермет таккан тамагың.

Боз уланды какшаткан, Болор-болбос баш баккан Сенин, бөдөнө тумшук мамагың. Көйнөгүңдөн көнчөгүң, Куп жарашып чөнтөгүң.

Көп уланды күйгүзгөн, Көйнөккө өзүн сүйгүзгөн Сенин, көгүчкөн тумшугун. Көкнаари болуп калдым бейм,

Көңүлүмдөн кетпедиң. Айдап-айдап мал бербей, Айры өркөчтүү нар бербей; Сүрүп-сүрүп мал бербей, Сүйрү өркөчтүү нар бербей, Тартууга берсем өзүмдү Алар белең, Мөлмөлүм? Ашыглыкка бир дабаа Табар белең, Мөлмөлүм? Же, мал бербей, өзүн берет деп, Өлөсө кимге керек деп, Чанар белең, Мөлмөлүм?

Берейин десем малым жок, Мал табууга алым жок. Кедейликтин дартинан Тышым жалын, ичим чок.

Маңдайга жазган ушубу?.. Чечалбадым мен ойлоп. Бирок да мунун баарына Карабайт экен көңүл шок:

Миң азапка кайылмын Көрүнүп койсоң бир жолу Булуттан чыккан айга окшоп. Бир мен эмес канчалар

Көз артып жүрөт өзүңө. Баян кылып өтөйүн Кулак салсаң сөзүмө: Кедейи бар, малдуу бар, Чабалы бар, алдуу бар. Кедейинде — жүрөк бар, Чабалында – тилек бар. Малдуусунда – зордук бар, Алдуусунда — кордук бар. Ыктыяр сенде, бизде ыклас

Акылдуу жансың ылгап ал!

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]