Барпы Алыкулов
Барпы Алыкулов | |
Туулган жылы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Каза болгон жылы: | |
Каза болгон жери: | |
Ишмердүүлүгү: | |
Жарандыгы: |
Бул макаланы «Барпы Алыкул уулу» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Барпы Алыкулов - кыргыз эл акындарынын эң мыктыларынын бири.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барпы Алыкулов (1884-1949) Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында 1884-жылы дүйнөгө келди. 9 бир тууганы болгон. Атасы Алыкул, анын атасы Шамурза тегинен жарды, кембагалдын тукуму болгондуктан, ар кимге жалчы жүрүп өмүр өткөрүштү. Барпы да эс тартканы Мадалы, Назарбай деген байлардын малын багып, отунун алып, күлүн чыгарды.Кийин Ысакбайда малай болуп жүргɵн. Ал малайлыкка 8 жашында берилген. Барпы бала кезинде башынан кечирген күндөрү жөнүндө "Мен көргөн күндөр" деген ырында минтип эскерет:
- Атакем мени сүйүп, балам деди,
- Ач калдык, сени малай салам деди.
- Ошентип Назарбайга болдум малай,
- Малайлык туткунда жүрдүм далай.
Ушундай оор турмуш кечиргенине карабай Барпы ырчылык өнөргө эрте аралашты. Он алты жашка чыгып-чыкпай акындык даңкы эл арасында жайылды. Акындын өзүнүн айтымында атасы Алыкулдан "Залим хандар азабы" деген ырды үйрөнгөн. Ал ырда Кокон хандарынын катаалдыгы сындалат.Демек, Барпынын акын болушуна атасынын салымы бар десек болот.Барпы отуздан өткөнгө чейин малайлыкта жүрүп, Октябрь төңкөрүшү жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашады. Алдыңкылардан болуп жаны турмушту түптөп, көч башында болду. Союз кошчу жана өз ара көмөктөшүү топторунда кызмат өтөп, айыл кеңешинин орун басары да болуп жүрдү. Өткөн оор турмуш өз таасирин бердиби, Барпы 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып эки көзү тең бүдөмүктөп калат. Турмуш жолунда 23 перзентти жерге берет. Жалгыз кызы аман калган. Даанышман акын 1949- жылы 9- ноябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайтты. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Барпынын акын катары калыптанышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барпынын чыгармачылык ишинин башталышы эки кылым тогошкон мезгилге туш келет. Акын Октябрь төңкөрүшүнө чейинки чыгармаларында элдин караңгылыкка кептелип,оор күндөргө туш болгонун, ал эми үстөмдүк кылган таптын өкүлдөрү өкүмүн өктөм жүргүзүп элди эзип жатканын, өзүнө окшогон жарды-жалчылардын күнүмдүк кунарсыз тирилигин ырдады. Чыгармачылык жактан такшалуу, ойдун конкреттүүлүгү, алдыга, келечекке болгон умтулуу, прогрессивдуү кадамдар акындын "Тендик бир күн жарк этер"деген ырынан ачык байкалат. Акын эс тарткандан эле социалдык теңсиздикти баамдап, эзилүүчү ким экенин ажырата баштайт. Ошондо эле анын ар кандай теңсиздикке, акыйкатсыздыкка, алдамчылыкка каршы сезим ойгонуп калганы чыгармачылык эволюциясынан даана байкалып отурат.
Барпы акын катары калыптанып отуруп, эми чыгармачылык тематикасын башка багытка бурду. Акындын "Алдамчы эшен", "Сукмолдо", "Мадалы ажыга", "Эмчилерге", "Эмне бар бул жерде", "Сопу" деген ырлары дин өкүлдөрүнүн ашкан алдамчылыгын ашкерелейт. Мунусу үчүн Барпы жазага да тартылып жүрдү. Бирок жеринен акыйкат адам ага болмок беле, аларды мыскылдап, тартынбай бетине чындыкты айтып, чыгармачылыгын бул багытта улам күчөтүп отурду. Барпыны "дин базар", мусулманчылыкка каршы адам деп айтууга болбойт. Ал мусулмачылыкты элден кем эмес туткан. Жогорку ырларында акын айрым молдо, сопу, эшендердин динге жамынып алып жасаган жагымсыз иш-аракеттерин, элди алдап, башын айлантып жатканын ашкерелеген.Барпынын мыкты акын катары улам калыптануусу анын сүйүү ырларынан да даана көрүнөт.
Ал сүйүү ырларын жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик сүйүү ырларына кайрылды. "Сүйүү - Барпынын жалындаган ички кумары менен тереңге да, бийиктикке да эркин чабытап, көңүл черин каалаганча жазып, бар акындык дараметин шакыратып төгүп ырдаган ыры. Акын махабатты канчалык эргүү менен ырдаган сайын, махабат да аны башка ырлардан ошончолук бөлүп, бийиктете берет." (К.Даутов).
Барпынын махабат темасындагы "Гүл кыздар", "Мөлмөлүм", "Мырзайым", "Лөлүкан", "Буракжан", "Гөзал кыз", "Кара көз", "Ак дилбар", "Тартип", "Дилбарым", "Өзгөчөм", "Алтын", "Ак жылдыз" сыяктуу ырларын билебиз. Булар жалпы кыргыз акындар поэзиясындагы сүйүү лирикасынын жалпыга маалым классикалык үлгүлөрүнөн болуп калды.Барпы чыгармачылык жактан улам такшалып, калыптанып отуруп, кыргыз жергесине жаңы турмуштун келгенин ыр менен тосуп алды. Теңсиз замандын запкысын көп тарткан акын үчүн, жалпы эл үчүн бул үлкөн ийгилик жаңы доордун башталышы эле.
Октябрь жеңишин жар салуу менен акын ар кандай формадагы ырларды, таалим-тарбияга карк санат-насыяттарды жаратып, элди ак жашап, ак эмгек кылууга үндөп ырдай баштады. Анын чыгармачылыгынын акыркы мезгилдеринде кандуу согуш чыкты. Эми акын элине кайрат берип, эрдикке үндөдү. Жеңиштен соң элдин жаңытурмушу, жаркын тагдыры, келечек ээлери- жаштардын үмүт-тилегин ырга салды.Ошентип, Барпы акын катары улам торолуп, канат байлап калыптануу менен элдин турмушун: анын эки доор басып өткөн тарыхый жолун өз чыгармачыгында дамаамат чагылдырып отурду. Анын чыгармачылык эволюциясы эл турмушунун өнүгүшү менен эришаркак, бирге каралат.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тандалмалуу ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 107 б.
- Тилек: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 124 б.
- Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 284 б.
- Мектеп жөнүндө ыр. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 45 б.
- Чыгармалар: Бир томдук. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 288 б.
- Чыгармаларынын бир томдук жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 288 б.
- Табият сапаты: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 20 б.
- Мөлмөлүм: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 145 б.
- Бала чак: Ырлар – Ф.: Мектеп, 1978. – 16 б.
- Тандалмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 272 б.
- Табият сымбаты: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 20 б.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Избранное: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 148 с.
- Стихи. – М.: Мол. Гвардия, 1958. –148 с.
- Бакуля дней моих суровых 2018. -148 с.
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- А.Турдугулов, Б.Оторбаев. Көркөм сөз өнөрү. Кыргыз адабияты Бишкек, 2008-ж.
- Кыргыз Республикасынын обончулары/Кыргызпатент/ Т?з.: А.Чекиров, ?.Калыева. – Б.: 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4
- Б.С. Исаков, Ч.Б. Исакова. Кыргыз адабияты Бишкек 2002-ж