Барпы Алыкул уулу

Википедия дан

Барпы Алыкул уулу (1884, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Ачы айылы 9. 11. 1949, Фрунзе) кыргыз акындар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Кедей үйбүлөдөн. Сегиз жашынан жергиликтүү байлардын малын багат, он бир жашында өзбек Мадали ажынын, он төртүндө Азирети эшендин колунда кызмат кылган. Андан Макаторпоктогу тайы-журтуна качып барып, он бешинен эл алдына ырдап чыккан. Адегенде Семетей найыпты (болуштукка талапкер болгон) жандап, анан жети жыл Кара бий менен жүргөн. Атасы дүйнөдөн өткөндөн (1904) кийин туулган жерине кайтып келген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан. «Кошчу» союзунун, өз ара жардамдашуу топторунун жооптуу кызматтарында иштеген. 1920-жылдарда жарды-жалчылар комитетинин төрагасы, кийин Жалал-Абад кантонунда Чадгет айыл кеңешинин төрагасына орунбасар болот. 30-жылдардын башында катуу ооруп, эки көзү жакшы көрбөй калат. Ошондон тартып коомдук турмушка жалаң ырчылык өнөрү, нускалуу сөз күчү менен гана катышкан.

Барпынын өз оозунан жазылып алынган маалыматка караганда ырга болгон шыгы жети-сегиз жашынан эле ойгоно баштаган. 11 жашында жакабелдегилерге ырчылыгы билинет. Атасы Алыкул Шамырза уулу да жамактап ырдачу экен. Жаштайынан оор тагдырга туш келип, көзүнөн майып болуусу, жалпы эл, караламан калк тарткан азапты тартып, турмуштун социалдык конфликттерине аралаш өскөнү ак, караны эртерээк ажыратууга, реалдуу чындыкты түп нускасында көрүүгө өбөлгө болгон. Мындай жагдай анын чыглыгы табиятынаи элдүүлүк, реалисттик багытта өнүгүшүн шарттаган. Ошондуктан ал *ак күмүштөн сом албайм, ак жибектен тон албайм, ар кимди барып бир мактап, ары жок ырчы боло албайм» деген адеп-ахлактык позициясын; «булбулу болбой адамдын, бууданы болбой замандын, ырчымын деп мактанба» сымак башкы идеалды; *ырчы болсоң, төкмө бол, ак жаандай себелеп, сөздү сөзгө кынай бил, маш зергердей чегелеп» деген эстетикалык кредону бекем тутунган. Ал түрдүү этностук топтор арасында (кыргыз, өзбек, түрк, кыпчак, төөлөс, уйгур, керейит, меркит, найман, түрктөшкөн арап, парсы, тажик) жашаган. Өнөрпоз, ырчы шайырлардын кээлери Бухара, Кашмирден (Бекназар, Нурмолдо), айрымдары Мисир, Стамбул, Кашкардан билим алышкан. Анын Кокон хандыгындагы медреселерди бүткөн акын-ырчылардын чөйрөсүндө жүрүшү көчмө сюжеттүү көркөм чыгармалар менен диний китептер аркылуу тарап жаткан Чыгыш маданияты, санжыра-тарых, адабий үлгүлөрдүн эң сонун ширесин табигый түрдө эркин сиңирип алууга жол ачып, рухий дүйнөсүн асылдандырып, тил байлыгын өстүрүп, масштабын кеңейткен. Көп кырдуу алп акын катары кыргыз көркөм сөз өнөрү менен акыл кенчине терең кирип, бекем орун алганын иш жүзүндө таамай көрсөтүп, мезгил сынынан ишенимдүү өткөн. Учурунда аны Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Калык, Коргол, Осмонкул, Ысмайылдар баалап келишсе, азыр адабият, илим, билим өскөн кезде да ал көп окулуп, көп ырдалып, ургаал изилдөөгө алынып жатат; ал тууралуу түрдүү жанрда түрдүү чыгармалар жазылып, анын чыгаарлыгына сүрөт, музыка, кино адистери да көңүл бурууда. Ал улам мезгил өткөн сайын тереңден ачылып, бийикке көтөрүлүүдө.

Барпы Аалам курулушу жөнүндөдө ой жүгүртүп, ырдаган даанышман санатчы («Айт! Айт! десе, Ааламды айт! Аалам алга кадамдайт, түркүн өнөр чыгарган Ааламдагы адамды айт!»), чыгыш классикалык философиясынын ири өкүлдөрү менен салыштырылып бааланчу улуу феномен. Анын «Адам», «Адамзаттын балдары», «Адамга берген өнөр ила», «Напси», «Жоомарттык», «Марттык», «Сараңдык», «Питина», «Ач көз», «Ушакчы», «Желөпкө», «Келесоо», «Эр жигитке сын», «Жигиттик», «Болор жигит», «Болбос жигит», «Аялдын жакшысы», «Аялдын жаманы», «Жакшы кыз», «Өзү заар, тили каар кыз», «Жакшынын жакшы билет сымбатын» аттуу ырлары адам табиятынын өзүнчө бир курамын түзөт. Ал «Аккан суу», «Күн», «От», «Жер», «Шамал», «Ажал», «Сен дүйнө», «Жар жыгылса суу бөгөйт», «Октобой мерген аталбайт», «Дүргө жетмек кайдадыр», «Төмөн, төмөн, төмөн бар», «Мөмөлүү дарак көгөртсөң», «Бир ооз кеңеш», «Болот», «Болбойт», «Жакшы экен», «Менен», «Турбайбы», «Деген», «Эмеспи», «Чери жазылат», «Ынтымактуу эл», «Бул дүнүйө бейкапа», «Жырткычтар», «Бул куштардын санаты» ж. б. санат, термелеринде жарык менен караңгыдан, өмүр менен өлүмдөн, ый менен күлкүдөн, жек көрүү менен сүйүүдөн, жашоо кумары менен үмүтсүз шектенүүдөн, айкөл мээрбандык менен арам жемсөөдөн турган бул дүйнөнүн өзөктүк уюлдары менен байланыш тамырларын таамай кармап айта билген тубаса ойчул-психолог экендигин таасын далилдейт. Барпы айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн чегине жеткире өнүктүрүп, түрдүү формалар менен күтүүсүз-күтүлүү ыкмаларга салып таймашууга ашкере машыккан чыныгы талант. Кыргыздын эң тандамал орошон ырчылары Бекназар, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Нурмолдолор менен айтыштарында бул өнөрдүн эң жогорку үлгүлөрүн берип кеткен. Табиятынан ойчулдугун, уламалыгын, кыргыз жана түрк тилдүү элдердин, Чыгыш маданияты менен канчалык тааныштыгы бар экендигин айтыш ырларында терең жана кеңири көрсөтө алган. Осмонкул «Барпы аке жарышка түшсө жел менен, жаактуу пенде жеңбеген» чыгаан экендигин айтса, Жеңижок «кыйындыкты тез билген, кысталышта сөз билген, актаңдай тапкыч акын» катары баалаган. Токтогул «кынадың терме, санатың, сен болдуң менин канатым» десе, Эшмамбет «алдыңа киши салдырбай, аксакал болуп өтөсүң, ырдай бер, Барпы иним, сен, ырыстуу бала экенсиң» деген, каражаак Калмырза «ырды кумдай иргеген, айтышууга сөз таштап, ырдашууга жол баштап, өзүм калдым балаага» деп бата берип, андан ашкан чебер акындыкты көрсө, Коргол «уккандын баарын нес кылып, үстү-үстүнө бастырып, кара жамгыр төккөндөй, каптап нөшөр өткөндөй, куюлуп турчу ырлары каптын оозун чечкендей, каалаганга жеткендей» деп андан ырдын кенин тапса, Калык «акындын Барпы тереңи, айтыштын болчу чебери» экендигин, артыкчылыгын ашкере даана баалаган. Барпы махабат ырларын Чыгыштын Хафиз, Ша Машрап сыяктуу көсөм акындарындай жогорку деңгээлде ырдаган улуу апыз катары маданият тарыхында жаркын ордун калтырды. Анын «Сүйүүнү сүйүп ырдаган, сүйүүнү күйүп ырдаган» махабат ырлары өз маалында кандай популярдуу, угумдуу, жагымдуу болсо, азыр да эл арасында ошондой эле кеңири тараган. «Мөлмөлүм», «Гөзал кыз», «Мырзайым», «Лөлүкан», «Гүл кыздар», «Карай көз», «Буракжан», «Ак Тартип», «Ак Жылдыз», «Ак Дилбар», «Беш көкүл», «Меңай», «Барнайым», «Ашык жар», «Балдызжан», «Самаргүл», «Кош алма», «Конойун», «Гүлайым», «Сүйүүнү сүйүп ырдадым» ж. б. ырлары элестүүлүгү, аруу сезим, асыл ойлорго жыштыгы, оригиналдуулугу, ар бири өзүнчө кайталангыс дүйнө, адам тагдырын алып жүргөнү менен айырмаланат. «Кулмурза менен Аксаткын» поэмасына элдик сюжетти кайрадан иштеп чыгып, жаңыча өмүр берген. Барпы чыгаарлыгы элдин рухий байлыгын бир адамдын жан дүйнө стихиясына айландырып, Чыгыш маданияты менен кыргыз, кыпчак, өзбек мадтын эркин туташтырып турган жандуу көпүрө болуп саналат. Ал «Пайгамбарлар жана олуялар кысасы», «Кожо Гафан Садувакас», «Муңдук-Зарлык» сыяктуу эпикалык чыгармалар менен Ша Машрап газалдарын, «Гөр уулу султан» дастандарын айтчу экен. Кат билбеген менен бала чагынан диний китептер, Чыгыш акындарынын ырлары көп окулган чөйрөдө өскөндүктөн, А. Токомбаев туура белгилегендей, дили өтө сымбаттуу адам болгон. Ошондой эле «Жанали жалгыз», «Муңдук жана Зарлык», «Козуке менен Баян сулуу» кенже эпосторун да айткан. Барпы терме, үлгү, насыят ырларынан баштап, сатиралык саптарына чейин адам дилин тазартып, ыйман аруулугуна, калыстыкка, адептүүлүккө, ынтымакка, акыйкатка ак кызмат өтөөгө, гумандуулукка өмүр бою чакырып, ошол үчүн күрөшүп да өткөн нукура элдик таалимчи-тарбиячы катары бекем из түшүргөн акын, түгөнбөс казына. Анын кыргыз тилинин алтын фондун түрдүү маани, боёк, түс, угум, туюмдар менен байытып, мукамдуулугун, назиктигин, ийкемин, байлыгын ашырууга зор салым кошуп келаткан жандуу таасири бар. X. Еарасаевдин сөзү менен айтканда, «кызылдай эле кенч» («Даанышман акын Барпы Алыкул уулу». Барпы, 1995). Барпы эки доор, эки түзүлүш көрүп, эки түрдүү турмушту башынан өткөргөн. Анын чыгармачылык жолунун бир кыры Совет бийлигине туш келет. Замандаш өнөрлөштөрү сыяктуу эле жаңы заманды, социалистик курулуштун жүрүшүн ырга салган. Өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуштун трагедиясы тууралуу ырлары чыныгы реалист сүрөткердин талантынан жаралганы көзгө түшүп, көңүл бургузат. Өзүнүн ички турмушун, жекече тагдырын чагылдырган ырлары да арбын. Анын акыркы эки томдугу чыныгы текстологиялык изилдөөдөн өткөрүлдү. Кыргызстанда кыштак, мектеп, шаар көчөлөрүнө анын ысмы коюлган.

Ад.: Барпы. Изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. Б., 1994; Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Даутов К. Алп кырдуу алп акындын дүйнөсү. Б., 2004.К. Даутов.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97      Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]