Мөңдү-чебең

Википедия дан

Мөңдү-чебең — эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Акунбешим менен болгон согушта Көкчөнү жарадар кылып, өзү Үрбүнүн колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2.136 —137). Бул ысым байыркы түрк тилиндеги «түбөлүк», «түбөлүктүүлүк», «чексиз», «чексиздик» деген маанилерди туюнткан «меңгү», «мөңгү», «бөңгү», «бөңү» сөзүнөн жана моңголдорго тибет тилинен кирген «цевен», «чебен» сөзүнүн айкалышынан түзүлгөн.