Үрбү

Википедия дан

Үрбү "Манас" эпосунун каарманы, белгилүү баатырлардын бири, уруу башчысы, тору (Торуайгыр) кыпчак каны. Ү. эпостун негизги варианттарынын бардыгында айтылып, кыргыз уруу кандарынын катарында дайыма аты аталат. Көпчүлүк манасчылар Ү-нү кара тилдүү, тилге жүйрүк, кара жаак өңдүү метафоралык салыштыруу менен чечендигин баса белгилешет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Үрбүнүн атасы Таз да чечен адам болот. Ү. Манас менен чогуу жүрүп, Чүйдү баскынчы душмандардан бошоткон согуштарга катышып, Акунбешим пааша менен болгон урушта жекеге чыгып, кытайдын Мөңдү-Чебең аттуу балбанын жекеде жеңет. Кеминди бийлеп турган, Манастын колу менен болгон Согушта өлгөн Кеймен шаанын кызы Ойсалкынга үйлөнүп, "Тору кыпчак Үрбүсү" Кеминди жердеп калат (Сагымбай Орозбаков, 2. 127 —137). Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Эйбит кандын уулу делип, Көкөтөйдүн ашынан баштап эпостун окуяларына активдүү катышат. Чоң казатта Ажыбай экөө элчи болуп Эсенкандын алдына барышат. Жети кан Манаска каршы чыкканда Үрбүнү көкүтүп Манастын камчысы башыңа ойногону эсиңден чыктыбы деп, Көкчө баш болгон кандар кыстаганда Ү. "Баштасаңар, башымды ала качып, сактана албайм, Баштасаңар, Манастын башын кесип берем деп мактана албайм" (Сагымбай Орозбаков, 4. 11), — деп чынын айтат.

"Манас" эпосунда манасчылар ар дайым анын жакшы сапаттарын көрсөтүү менен "кылымга чечен үлгүлүү, кыпчактардын Үрбүсү", "Эки Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган" — деп, өзүнө гана таандык сапаттарын өзгөчө белгилеп оң баа берип сүрөттөшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4