Торуайгыр

Википедия дан

ТоруайгырКоңурбайдын жылкычыларынын башчысы кытай Карагулдун минген аты. Чоң казатта Алмамбет менен Сыргак Коңурбайдын жылкысын тийип, Карагул жараланып жатып калганда Т. кытай капкасына качып барат. Коңурбай жоо келгенин билет (Сагымбай Орозбаков, 4. 278—292).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4