Наадам

Википедия дан

Наадаммонголдун элдик майрамдарынын бири. Аны монголдор “эр жигиттин үч оюну” (“Эрийн гурван наадам”, буга ат чабыш, жаа атыш жана күрөш кирет) деп да аташат. Адатта бул майрам жайкы токчулук убагында өткөрүлөт. Мурда бул спорт оюндары жалаң эркектердин сынагы менен чектелсе, эми ат чабыш менен жаа атышка аялзатынын өкүлдөрү да катышып калды. Соңку учурда бул оюнга кыргыздын ордо оюнуна окшогон төртүнчү оюн да кошулду. Бул оюн (шагаайн харваа) - эки топко бөлүнгөн оюнчулардын атайын жыгач “сака” (хясаа) менен чүкө атып мелдеши. Азырынча бул оюнга эркектер гана катышып келет. Улаан-Баатарда бул оюндар адатта 11-13-июлдун аралыгында уюштурулат. Мурда бул майрам июндун этегинде өтсө, ХХ кылымда аны 1921-жылкы анти-кытайлык улуттук боштондук көтөрүлүш жана мамлекеттин көз карандысыз деп жарыяланышынын датасы менен байланыштырып өткөрүп калышты. Борбор шаардагы наадамда аскердик парад жана концерт да уюштурулат.