Наас сүрөсү

Википедия дан
سورۃ ٱلنَّاس

Наас сүрөсү (арабча: سورة الناس, Адамдар) — Курандын 114 жана эң акыркы сүрөсү. Сүрө 6 аяттан турат, жана Меккелик сүрө болуп саналат.

Сүрө адамдарды сактануу үчүн Аллахка кайрылууга жана шайтандын, адамдардын, жиндердин азгыруусуна берилбөөнү буйруйт. Ошондой эле Аллахтын 99 аты айтылып турган жерлерден шайтандын качаары да берилген.

Арабча тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ

1. قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ

2. مَلِكِ ٱلنَّاسِ

3. إِلَـٰهِ ٱلنَّاسِ

4. مِن شَرِّ الْوَسْوَاسِ الْخَنَّاسِ

5. الَّذِي يُوَسْوِسُ فِي صُدُورِ النَّاسِ

6. مِنَ الْجِنَّةِ وَ النَّاسِ

Транскрипциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Би-сми_л-Лааhи_р-Рахьмаани_р-Рахьиим(и)
1. Къул а’уузу би-рабби_н-наас(и)
2. Малики_н-наас(и)
3. Илааhи_н-нас(и)
4. Мин шарри_л-васвааси_л-ханнаас(и)
5. Ал-лазии ювасвису фии съудуури_н-наас(и)
6. Мин альджиннати ва-н-наас(и)

Кыргызча мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наас1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: "Сактанам адамдардын Эгеси менен;
2. (Ал) адамдардын падышасы,
3. (Ал) адамдардын Кудайы3,
4. Жашырынган азгыруучунун жамандыгынан;
5. Ал адамдардын жүрөктөрүн азгырат.
6. (Алар) жиндер жана адамдардан (болот)".4<

Кыскача түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1 Наас - Адамдар
2 Эй, Мухаммед!
3 Бул айат Аллах Тааланын жалгыз экенин, андыктан сыйынуу ага гана таандык экенин кабарлайт. Баардык эле "Кудай” деп, ага ишенгендер, Кудай бүткүл ааламдардын Эгеси, кожойуну экенин талашпайт. Ал эми сыйынууга келгенде эле бөлүнүп кетишет. Жалгыз Аллах Таалага сыйынбай ширк кылышат.
4 Бул жерде айтылгандай азгыруулар биз көрө алган адам баласынан да, биз көрө албаган жин-шайтандардан да болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1

Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]