Нагано

Википедия дан
Нагано.

НаганоЯпониядагы шаар. Хонсю аралынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Буддалардын диний борбору. Нагано префектурасынын административдик борбору. Калкы 380,6 миң (2012). Жол тоому. Машина куруу, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Музыкалык аспаптар чыгарылат. Университет бар. 1998-жылы XXIII олимпия оюндары өткөрүлгөн. Дэнкодзи храмы сакталган. Шаар айланасында багбанчылык өнүгүп, сүт багытындагы мал асыралат. Түркүн гүлдөрдү өстүрүү да өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]