Нагорная Елена Николаевна

Википедия дан
Елена Нагорная
Ишмердүүлүк тармагы:

жеке ишкер

Туулган датасы:

3 -март 1976(1976-03-03) (48 жаш)

Туулган жери:

Невинномысск, Ставрополь аймагы, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Орусия

Елена Нагорная — 1976-жылы 3-мартта Ставрополь аймагынын Невинномысск шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Москва институтунун Чет тилдер жана эл аралык байланыш факультетин бүтүргөн. 2013-жылы Орусиянын элдик чарбачылык академиясында “Парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу” программасынын алкагында кесиптик кайра даярдоо курсунан өткөн. Иш тажрыйбасы тамак-аш коопсуздугун сактоо, ата мекендик ишкерлерди колдоо тармагына байланыштуу. Нагорная 1997-2006-жылдары жүк ташуу ишмердүүлүгү менен алектенген. 2006-жылдан ушул тапка чейин Африкадан чай жана кофе импорттоо менен алектенет. Елена Нагорнаянын жетекчилиги астында Тамак-аш сапаты жана коопсуздугу ассоциациясы тарабынан “Ар кандай жаштагы адамдар үчүн туура тамактануу системи” аттуу программа иштелип чыккан. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды колдоого багытталган иш-чараларды уюштуруп келет. 2014-жылы 16-июлда “Африка өлкөлөрүндөгү соода альянсы” деген уюмду негиздеген. Ал эми 2014-жылы 6-июндан баштап азыркы күнгө чейин “Африка ТК” ЖЧКсында башкы директор болуп иштейт. 2014-жылы 9-январда Нагорная Кенияда “Дом Кении” уюмун негиздеген. Бул уюмдун максаты Кениядагы товарларды Орусиянын базарына жайылтуу. Нагорная ошондой эле “Тамак-аштын сапаттуулугу жана коопсуздугу” журналынын ээси. Мамлекеттик Думанын өнөр жай боюнча комитетинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.