Нагоя

Wikipedia дан

Нагоя – Япониядагы шаар. Тынч океандагы Исе булуңунун жээгинде, Хонсю аралынын борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Айти префектурасынын административдик борбору. Шаардын символу – лилия гүлү. Өлкөнүн негизги портторунун бири (жылына порт аркылуу 110 миллионт жүк ташылат; сырткы сооданын 1/2 инен ашыгы). Калкы 2,27 миллион(2012). Калкынын саны боюнча Осака, Токио, Йокогамадан кийинки 4-шаар. Метрополитен иштейт. Шаар – Токио менен Осакадан кийинки ири экономикалык жана маданий борбор. Оор, негизинен транспорттук машина куруу, түстүү металлургия, нефть-химиялык, текстиль (Япониянын текстиль өнөр жайынын 2/5 си туура келет), жеңил, электр-техникалык, тамак-аш, полиграфия, фарфор-карапа өнөр жай ишканалары иштейт. Аскер-деңиз арсеналы. Университет, музейлер (анын ичинен Токугава сүрөт, Нагоя сепилинин кенчи), сүрөт галереясы бар. Синтоисттердин Ацута чиркөөсү (биздин замандын башталышына туура келет), сепил (17-кылым) жана Тофукудзи храмы (8-кылым) сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]