Надир

Wikipedia дан
Зенит менен Надирдин бет маңдай жайгашуусу.

Нади́р (араб. نظير надир, «бет маңдай») тик сызык менен асман сферасынын кесилишиндеги төмөнкү чекит.

Жер шарынын зенит жана ага карама-каршы турган надир тараптагы чекиттер, жер шарынын бетинде диаметри бонча карама-каршы жайгашкан чекиттери деп аталат.

Зенит жана надир сызыктары аркылуу өткөн чоң тегерек асман сферасынын вертикали деп, анын меридианы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов