Надь Имре

Википедия дан

Надь Имре (7. 6. 1896, Австрия-Венгрия, Капошвар, - 16. 6. 1958, Будапешт) - Венгриянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1916-жылы 1-дүйнөлүк согуш (1914-18) убагында орустарга туткунга түшүп, Иркут губерниясына алынып келинген. 1917– 24-жылы РКП(б)нин мүчөсү. 1917-жылы Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1921ж. Венгрияга кайтып келген. 1924–25-жылы Венгр социал-демократиялык партиясынын, 1925-жылдан Венгр социалисттик жумушчу партиясынын мүчөсү. 1928-жылыВенага эмиграцияга кеткен. 1930–44-жылыН. СССРде жашап, Коминтернде (к. Коммунисттик Интернационал) жана СССР ИАнын Айыл чарба институтунда иштеген. 1944-жылы Н. коммунист-эмигранттардын катарында өз мекенине кайтып келген. 1944–45-жылы айыл чарба министри, 1945-49-жылы Венгр КП БКнын мүчөсү. 1949-жылы оппортунизмге тиешеси бар деген күнөө менен Венгр КП БКдан чыгарылып, бардык кызматтарынан бошотулган. 1950-жылы айыл чарба министри болуп дайындалган. 1953–55-жылы Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 1956-жылы Венгриядагы козголоң башталганда Министрлер советинин төрагасы болуп кайра дайындалган. Ал демонстрацияга чыккандарды колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келишиминен (1955) чыккандыгын жарыялаган. Советтик аскерлер козголоңду баскандан кийин, 1958-жылы Будапештте жашыруун түрдө өлтүрүлгөн. 1989-жылы коммунисттик режим кулагандан кийин салтанаттуу түрдө кайра көмүлүп, Венгрия улуттук баатыры деп жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]