Назаркулова Бурулжан

Википедия дан

Назаркулова Бурулжан (3. 10. 1943-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - физика-математика илимдеринин кандидаты (1976; Ташкенде жактаган).

  • Фрунзедеги (Бишкек) В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1965).
  • 1965-67-жылдары алгач Суусамыр орто мектебинде жана Бишкектеги № 12 жатак-мектебинде математика мугалими болуп иштеген.
  • 1967-ж. Кыргыз Илимдер академиясынын алдындагы аспирантурага өтүп, аны 1970-ж. бүтүрөт.
  • 1977-жылдан ИАнын Физика-математика институтунда эсептөө математика секторунда кенже илимий кызматкер, 1977-жылдан Ж. Баласагын атыңцагы Кыргыз Улуттук университетинде улук окутуучу, кафедранын доценти.
  • Москва, Ленинград жана Чехословакиядагы Карлова университеттеринен илимий даражасын жогорулатуу курстарынан өткөн.
  • «Эмгектин ардагери» медалы жана «Элге билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
  • Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9