Назаров, Насриддин Атакулович

Википедия дан
Насриддин Атакулович Назаров. 27.8.2018


Насриддин Атакулович Назаров (Nasriddin Nazarov; 16.7.1962) – борбордук азиялык этнограф, тарыхчы, саясат таануучу, саясат таануу илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору (2019) жана тарых доктору (2022),профессор. Теги – түрк тилдүү кыпчактардан чыккан лакай этносунан.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Насриддин Атакулович Назаров 1962-жылы 16-июлда Тажикстандын Вахш аймагында туулган.
Кожент (мурдагы Ленинабад) шаарындагы С.М.Киров атындагы Ленинабад мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
Ал Тажикстанда жана Орусияда жашаган. Орусиянын атуулу.
2005-жылы ал саясат таануу илимдери боюнча докторлук диссертациясын коргогон.

Тажик, лакай, өзбек, кыргыз, орус тилдеринде сүйлөйт.
Ал Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Камалиддин Бехзад атындагы Улуттук сүрөт дизайны институтунда профессор болуп иштеген.

Учурда Ташкент облусуна караштуу университеттердин биринде профессор болуп эмгектенет.

Илимий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор, Насриддин Назаров менен алтайлык Наталья Токова. Бишкек. 27.8.2018.

Насриддин Назаров орус, өзбек, лакай тилдеринде жазылган бир нече илимий монографиялардын жана көркөм чыгармалардын автору.
Ал лакай таануу жаатында бир нече илимий (этнографиялык, фолклор таануучулук ж.б.) эмгектерди жараткан.

Кыргызстан сапарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Насриддин Назаров Кыргызстанда өткөрүлгөн алтай таануу, этнография жана тарых жаатындагы эл аралык илимий жыйындарга бир нече жолу катышты.

Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) 61-отурумунун айрым катышуучулары. Бишкек. 28.8.2018.

Маселен, ал 2018-жылы 26-августтан 4-сентябрга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдө өткөрүлгөн Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын 61-отурумуна да катышты. [1]


Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мустакиллик ва миллий-этник жараёнлар. Ташкент, 2004.
  • Мустакиллик шароитида этноижтимоий жараёнлар. Ташкент, 2005.
  • Лакайлар: баъзи сузлар ва ибораларнинг диалектологик мазмуни. Ташкент, 2005.
  • Мухаммад Ибрахимбек Лакай. Ташкент, 2006.
  • Мухаммад Ибрахимбек Лакай. – Толукталган 2-басылыш. - Ташкент, 2007.
  • Лакайлар этнографияси. Ташкент, 2007.
  • Афгонистан узбеклари. Ташкент, 2011.
  • Кавказ лакайлари. Воронеж, 2013.



Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/29453964.html