Назаров Солтонбек

Википедия дан

Назаров Солтонбек (28. 1. 1950-ж. туулган, Сокулук району, Военно-Антоновка кыштагы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу (1989), СССР спортунун мастери (1973).

  • Кыргызстан, Казакстан жана Орто Азияда өспүрүмдөр жана жаштар арасында өткөрүлгөн чемпионаттардын бир нече жолку чемпиону.
  • Фрунзедеги Дене тарбия жана физкультура институтун бүтүргөн (1975).
  • 1968-70-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • Бүгүнкү күнгө чейин эң жогорку деңгээлдеги машыктыруучу болуп иштеп келе жатат.
  • СССРдин өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн мелдештин чемпиону (1968), Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпиону (1973,1975), Кабауулу Кожомкул атындагы турнирдин чемпиону (1974), ошол эле жылы Оганстандын борбору Кабулда өткөн чемпионатта чемпион, 1990-91-жылдары Кытай Эл Республикасында (СУАРда) машыктыруучу, 1992-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын улук машыктыруучусу болуп иштеп келген.
  • Ушул мезгилде СССР спортунун 12 чеберин жана бир эмгек сиңирген спорт чеберин тарбиялаган.
  • Ошондой эле СССР курама командасынын мүчөлөрү - Н. Дөңбаев, В. Эрис, Б.Чалов, Б. Орозалиев, М. Шебаршов, Б. Кенжебаев, С. Атабаев, К. Өмүралиев, К. Мырзалиев, Д. Маманов, Ф. Габетдинов, Надырбек уулу Улан ж. б. көптөгөн спорт чеберлерин тарбиялаган.
  • Токтогон уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9