Найза ыргытмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт,

Оюнда жыгачтан жасалган найзалар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узундугу 15—20 м., ээни2—3 м. келген өткөөл (коридор) жана өткөөлдүн акырына сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден колдоруна найзаларын алышып, өткөөлдө бир аз күүлөнүп жүгүрүшкөндөн кийин, туурасынан сызылган сызыкты тепсебей туруп «найзаларын» алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. «Найзаны алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакан ыргытмай, уук ыргытмай, күрөк ыргытмай, илип ыргытмай.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]