Намазга-тепе эстелиги

Википедия дан

Намазга Тепе эстелиги - аянты 100 гектарга барабар. Түркмөнстандагы Каахка темир жол станциясынан 7 км алыстыктан орун алган археологиялык маданият. Маданий катмары 34 м жеткен. Бул Борбордук Азиянын түштүгүндөгү эң ири дыйканчылык коомунун борбору болуп эсептелинген энеолит доорундагы турак жайдын калдыгы. Намазга-Тепенин археологиялык изилдөөсүн, археолог Б.А.Куфтин баштап, В.М.Массон уланткан. Андан ачылган археологиялык материалдар боюнча биздин заманга чейин V-IV миң жылдыктардагы байыркы дыйканчылык менен кесиптенген адамдардын турмуш-тиричилигин байкоого болот. Бул жердеги сокмо турак жайлар ар кандай чабуулдан же табияттын кырсыгынан бузулган. Кийин да адамдар анын урандыларынын калдыгын түзөтүп, жаңы имараттарды курушкан. Кээ бир турак жайларда мындай курулуштар бир нече жолу кайталанган. Кайталанып тургузулган турак-жай калдыктарынын натыйжасында бийик, чоң дөбөлөр пайда болгон. Археологдор Намазга-Тепеден алты маданий катмарды ачышып, анын ар бири тарыхый узак мезгилди басып өткөндүгүн байкашкан. Ал катмарлар шарттуу түрдө "Намазга-Тепе I", "Намазга-Тепе II", "Намазга-Тепе III" болуп аталат. Энеолит дооруна астыңкы үч катмар туура келет. Үстүнкү үч катар (Намазга-Тепе IV, V, VI) коло дооруна таандык.
Намазга-Тепе I турак жайы биздин заманга чейин IV миң жылдыкка туура келип, байыркы дыйканчылыкта жашаган адамдардан калган маданий катмарды түшүндүрөт. Үйлөрү төрт бурчтуу формада бышырылган кирпичтен тургузулган. Мына ушул мезгилден баштап Борбордук Азиянын түштүк-батыш аймагында негизги курулуш материалы катары куюлган кыш-кирпич пайдаланыла баштаган. Намазга-Тепе-I дин адамдары отурукташкан дыйканчылык жана аңчылык менен кесиптенишип, буудай, арпа өстүрүшкөн, жерди сугаруу үчүн өтө чоң эмес арыктарды казышкан, уй, кой, чочколорду багышкан. Бул катмардан оттук таш куралдары аз кездешет. Бул кезде жезден согуп, чоюп жасалган алгачкы буюмдар пайда боло баштайт. Казылып алынган чопо идиштеринен жалпак табактар, кичинекей тарелкалар, сары же кызыл түскө боёлуп кооздолгон, кумаралардын оймо-чиймелери кызгылт, Чоподон жасалган ийиктин башынын табылышы аларда жүндөн кийим согуунун өнүгө баштаганын түшүндүрөт. Намазга-Тепе I турак жайынын жалпы аянты 10 гектардан ашык. Намазга-Тепе II биздин заманга чейин IV миң жылдыктын аягына туура келет. Бул мезгилде анча чоң эмес дарыяларда пайда болгон тосмо плотиналардан улам жерди сугарып айдоого карата жасалган биринчи аракеттерди байкоого болот. Намазга-Тепе-II де металлды калыпка куюу жолу менен жасалган жанчкычтар, бычактар, балталар сыяктуу жез буюмдар көбүрөөк учурайт. Жез куралдарынын көбөйүшү менен таш куралдарынын саны азайган. Таш куралдардан жебенин учтары, таш жаргылчактар, сокулар, төөнөгүчтөр кезигет. Чопо идиштери атайын жасалган мештерде бышырылган. Алардын сыртына оймо-чиймелер, үч бурчтуктар, ромбалар, айрым учурда эчкилердин сөлөкөттөрү жана адамдын фигуралары тартылган. Салынган бир бөлмөлүү үйлөрдүн үстү жалпак формада жабылган. Турак жайлар күнгө кургатылган кыштан тургузулган дубал менен курчалган, анын ортосуна кеңири салынган үй жайгашып, дубалдары боёк менен боёлгон, үйдүн ичине курмандык чалууга ылайыкталган коломто жасалган. Ал үй уруунун ыйык жери деп эсептелип, уруу чогулушу жана башка жалпы жыйындар ушул жерде өткөрүлгөн. Аялдардын сөлөкөтү салынган чопо сөлөкөттөр көп кездешет. Мындай көрүнүш энелик урууну, эне – түшүмдүн кудайы деген маанини туюндурган. Намазга-Тепе I жана Намазга-Тепе II катмарларынын калдыгы 8 м чейин жеткен.
Намазга-Тепе Штүн маданий катмары биздин заманга чейин IV миң жылдыктын аягына III миң жылдыктын ортосуна таандык. Ээлеген жери 100 гектарга жетип, турак жайы чоң, кууш көчөлөргө бөлүнгөн көп бөлмөлүү үйлөрдөн турган. Ар бир үйдө 15ке жакын бөлмө жана кампалар болгон. Үйгө туташ чоң чарбалык короо жайгашкан. Бул үйлөр уруулук түзүлүш бузула баштаган мезгилде жашаган адамдардын үй-бүлө общинасына туура келет. Изилдөөдө аял-дардын сөлөкөттөрү менен бирге эркектердики да кездешкен, жез буюмдар да көп. Табылган сабы жез, ийри кылыч эң алгачкы кылычтын формасын билдирет. Жебелердин учтары да майда таштан жасалган. Көп сандаган шурулар сөөктөн, таштан кээде халцедондон (баалуу таш породасы) жасалган. Чоподон жасалган арабанын дөңгөлөгүнүн үлгүсүнүн табылышы алардын жүк ташуу үчүн араба тарткан унааны пайдалангандыгын билгизет. Мунун өзү бул кезде дыйканчылыктын өскөндүгунө күбө болот. Идиштерди боёк менен боёп оймо-чиймелөө адаты татаалданып, Намазга-Тепе IIIкө геометриялык сүрөттөр менен бирге тоо эчкилердин, илбирстердин, канаттуулардын, айрым учурда адамдардын сүрөттөрү да тартыла баштаган. Илбирс менен канаттуулардын (бүркүттүн) сүрөттөрүн карапа идиштеринин бетине түшүрүү традициясын Ирандан да кезиктирүүгө болот. Мындан Намазга-Тепе жана Анау маданияттарынын мезгилинде Борбордук Азия Алдыңкы Азия менен алыш-бериш байланыш жүргүзгөндүгүн түшүнөбүз.
Ошентип, Борбордук Азия эли биздин заманга чейин V-III миң жылдыктарда белгилүү маданиятка ээ болуп, чарбасы, эмгек куралы, устачылыгы, жашоо шарты өнүгүп, коншулаш өлкөлөр менен байланыш түзүп, жогорку өнүгүүгө жетишүү менен байыркы дыйканчылыктын эстеликтерин жаратышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010