Нант жарлыгы

Википедия дан

Нант жарлыгы(1598) — Франция королу Генрих IV 1598-ж. апреле Нант шаарында кол койгон жарлык: Франциядагы диний согуштарды аяктаткан.

Нант жарлыгы боюнча католицизм үстөмдүк кылуучу дин бойдон кала берген гугенотторго да динге эркин ишөө жанa табынуу (Париж ж. б. шаардан тышкары), сот-админ. жана аскер кызматтарын ээлөө, өз конференцияларын жанa синоддорун чакыруу укугу берилген.

Нант жарлыгынын кошумча жашырын статьяларына ылайык гугеноттор 100 чепти гарнизону менен алый, ж. б. жеңилдиктерге жетишкен. Нант жарлыгы рим папасынын, католик динчилеринин жанa парламенттердин кескин оппозициясын туудурган. Гугеноттор менен болгон согуштан (162129) кийин 1629-ж. Нант жарлыгынын жашырын статьялары жоюлган. 1685-ж. ал жарлык биротоло жокко чыгарылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.