Наполеон III

Википедия дан

Наполеон III, Шарль Луи Наполеон Бонапарт (20. 4. 1808, Париж - 9. 1. 1873, Лондонго жакын жерде, Чизлхёрст) - француз императору (1852-1870). Наполеон Iнин иниси - Луи Бонапарттын уулу. 1815-жылдан сүргүндө болгон. 1836-жылы (Страсбургда) жана 1840-жылы (Булондо) көтөрүлүш чыгарып, Франциядагы бийликти тартып алууга аракет жасаган. 1840-жылы өмүр бою Гам чебиндеги түрмөгө кесилген. Андан 1846-жылы качып чыгып, Улуу Британияга кеткен. Франциядагы Февраль революциясынан кийин келип, Республикасынын президенттигине шайланууга (1848) жетишкен. 1851-жылы 2-декабрда аскер күчтөрүнүн жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш жасап, 1852-жылы 2-декабрда өзүн император деп жарыялаган. Наполеон III башкарган 2-империя (1852-1870) режими бонапартизмдин типтүү көрүнүшү болгон. Наполеон III нүн өкмөтү ири буржуазиянын мүдөөсүнө төп келген көп согуштар жүргүзгөн. Анын тушунда Франция Крым согушуна (1853-1856), Австрияга каршы согушка (1859), Инди-Кытай (1858-1862), Кытай (1856-1858 жана 1860), Сирия (1860-1861), Мексика (1862-1867) жана башка өлкөлөргө каршы интервенцияларга катышкан. Франция-Пруссия согушунун убагында (1870-1871) Наполеон III Седандын жанында (1870) туткундалып, Париждеги революциянын убагында 1870-жылы 4-сентябрда тактыдан түшкөн. 1871-жылы Франкфурт тынчтыгына кол коюлгандан кийин туткундан бошотулуп, өмүрүнүн аягына чейин Улуу Британияда жашаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]