Нарикбай(поэмасы)

Википедия дан

“Нарикбай"поэмасы ногой, казак, каракалпак, башкыр, Крым, Казань татарларында жана кыргыздарда да айтылат.

Нарикбай чет өлкөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогоруда саналган элдерде “Эр Чоро”, “Шора”, “Шора баатыр” аталса, бизде негизги каармандын бири Нариктин атынан “Нарикбай” делет. Чоро – тарыхта болгон адам, Крым хандыгынын князы. Карамзиндин летописинде Казандагы согушта Крымдан келген Чоро дегендин 1546-ж. өлтүрүлгөндүгү маалымдалат. Айрым тарыхый материалдарга караганда, Крым, Казань хандыгындагы жергиликтүү князь төрөлөр менен орус империясынын ортосундагы чыр-чатакка да катышы болгон. Ушундай себептерден улам изилденбей келген. “Нарикбай” поэмасынын казак, башкыр, ногой, татар, каракалпак, чуваш элдеринде бир канчадан варианттары жана Шоро баатыр жөнүндөгү ыр, аңыз, аңгемелер жолугат. Алардын бардыгы Карим уулу Чоронун айланасындагы окуяларга байланыштуу. Ар бири өз ара жалпылыгы, айырмачылыгы, өз алдынчалыгы менен фольклордук чыгарманын жүгүн көтөрүп турат.

Нарикбай кыргыздарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эми кыргыздарда айтылышында 16-кылымдагы тарыхый жана биографиялык окуянын изи да калган эмес. Тарыхый адамдын ысымы гана сакталып, түп-тамырынан өзгөрүп, уруучулук, феодалдык түзүлүштүн ички карама-каршылыктары өз ара араздашып, бытыраган кыргыздардын калмак төбөлдөрүнүн баскынчылык жортуулуна каршы биригүүгө умтулуусу алардын азаттык күрөшү “Нарикбайдын” идеялык мазмунун түзөт. “Нарикбай.” поэмасы көбүнчө Кыргызстандын түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө казактар менен коңшулаш аймакта айтылат. Т. Сатылганов “Наркан” деген ат менен айткан. Бул тууурасындагы маалымат К. Кожобековдон жазылып алынган. Мындан сырткары ары толук жана көркөм варианттар Т. Сырдыбаев менен С. Чойбековдон жазылып алынган тексти илимий баш сөзү менен “Эл адабияты” сериясынан жарык көрдү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]