Нарин
Нарин, Нарын гол, Нарын – тарыхый топоним, Кырг-ндагы Нарын д-нын мурунку аты. Түрдүү ат м-н ал тарыхта эзелтен белгилүү.
Грек-рим авторлору аны Силис, байыркы түрктөр (7–8-к.) – Йенчу-Угуз («берметтүү суу»), кытайлар – Йоша (7-к.), Чженьчжухэ (7–10-к., «берметтүү суу», түрк аталмасынын котормосу), Нарингол (18–19-к.), араб-фарсы авторлору – Хатлам (Хайлам, 10–12-к.), моңголдордун үстөмдүгүнүн убагында Нарин, Наримгол, Нарын деп аташкан. Акыркы мезгилдеги эң так карталарда топоним мындай берилген: И. Г. Ренат (Швеция, 1738) – Нарим; И. И. Исленньев (Петербург, 1777) – Нарин; Петербург депосунун картасы (1816) – Нарин, Ю. Клапрот (Париж, 1833,1836) – Нарин; революцияга чейинки орус адабиятында – Нарын. Кыргыздын оозеки чыгармаларында, «Манас» эпосунда – Нарын. Дарыянын аты м-н шаар, облус ж. б. аталган. Нарынга байланыштуу аттар Моңголия, Казакстан, Орто Азия, Кавказ ж. б. жерлерде кезигет. Топонимдин этимологиясы жөнүндө эки пикир бар. Биринчиси нарийн («тар, кууш») деген моңголдун сөзүнөн, экинчиси моңголдун нарин деген уруусунун атынан келип чыккан. Бул эки ой тең чындыкка жакын. Дарыя көбүнчө кууш капчыгайлар аркылуу агат. Ошондой эле 15–16-к. Кырг-н аймагындагы моголдордун ичинде Нарин уруусу болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2