Нарматова Орозайым Кочконбаевна
[[Файл:|280px|]] | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
Жарандыгы: | Кыргызстан | |||
Туулган жылы: | 19 -февраль 1994 (30 жаш) | |||
Туулган жери: | Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы | |||
Партиясы: | "Бүтүн Кыргызстан" |
Нарматова Орозайым Кочконбаевна — саясатчы, коомдук ишмер, жеке ишкер, Жогорку кеңештин VII чакырылышынын депутаты, "Мен укугум бар" жана "Мен макул эмесмин" коомдук кыймылдарынын активисти.
Өмүр баяны жана үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орозайым Нарматова — 1994-жылы 19-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында туулган.
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Бир агасы (2021 - жылы каза болгон), бир эжеси бар.
Апасы Марапат Акжолова эл агартуу тармагында 30 жылдан ашуун иштеген, коомдук-саясий иштерде активдүү атуул болгон.
Атасы Нарматов Көчкөнбай Жапаров-Ташиев тандеминин активдүү колдоочусу, коомдук иштерде активдүү жаран.
Билими:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2013-жылы — Москвадагы колледжди бухгалтер-экономист адистиги боюнча аяктаган.
2017-жылы — Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин "Журналистика" адистигин аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2012-жылы — "Мекенчил Жаш" коомдук бирикмесинин маалымат порталынын Москвадагы кабарчысы;
2013-жылы — Москвадагы "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;
2013-жылы — "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү жана башкы редактору;
2014-жылы — "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин курамында Россиянын "Единая Россия" саясий партиясынын жаштар канаты менен биргеликте достук мамилелердин активисти болгон;
2015-2017-жылы — "Мекенчил" саясий партиясынын теңтөрагасы;
2016-жылы — Орусиядагы "Айымдар" коомдук бирикмесинин теңтөрагасы;
2017-жылы — "Мен укугум бар" жана "Мен макул эмесмин" коомдук кыймылдарынын активисти;
2020-жылы — Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы менен 8-орунда шайлоого катышып, парламентке өткөн. 6-октябрда башталган элдин нааразычылык толкунунда аталган партия парламентке өткөнүнө карабай, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.
2021-жылы — Жогорку кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
2022-жылдын 20-январында Борбордук Шайлоо Комитети Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин жана Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып, Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан.
Орозайым Нарматова учурда "Ак-Нур" коомунун негиздөөчүсү, "Serep MEDIA" медиа холдингинин ээси.
Шилтемелер:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]https://who.ca-news.org/people:32890
https://ru.sputnik.kg/20200917/orozajym-narmatova-biografiya-spravka-1049783284.html
https://centrasia.org/person2.php?st=1597927045
https://www.vb.kg/doc/430947_orozayym_narmatova:_madymarov_sovsem_nam_zamorochil_golovy.html
https://vesti.kg/politika/item/105900-orozajym-narmatova-vodvorena-v-sizo-1.html
https://rus.azattyk.org/a/32247002.html
https://kaktus.media/doc/501442_orozayym_narmatova_vyshla_s_doprosa_v_gknb.html
https://rus.azattyk.org/a/32950007.html