Нарниянын жылнаамасы

Википедия дан
Нарниянын жылнаамасы
Жазуучу К. С. Лүис
Нукура аталышы The Chronicles of Narnia
Сүрөтчүсү Полин Байнес
Өлкөсү  Улуу Британия
Тили англис
Чыккан жылы 1950-1956

Нарниянын жылнаамасы (англ. The Chronicles of Narnia) — К. С. Лүис тарабынан жарык көргөн жети фэнтези романдарынын цикли[1]. Ал балдар адабиятындагы классикалык чыгарма жана автордун эң белгилүү эмгеги болуп эсептелет. Ал 47 тилге которулуп, 100 миллиондон ашуун нускасы сатылган. Лүис тарабынан жазылып, иллюстрациялары Полин Байнес тарабынан жасалган жана алгач Лондондо 1950 жана 1956-жылдары жарык көргөн "Нарниянын жылнаамасы" толук түрдө же жарым-жартылай бир нече жолу үналгыга, сыналгыга, сахнага жана тасмага ылайыкташтырылган.

Сыйкырдуу фантастикалык Нарния деп аталган дүйнөдө мифтик макулуктар жана сүйлөгөн жаныбарлар болот. Китептер сериясы кайсы бир дүйнөнүн тарыхын ачууда башкы ролду ойногон ар кайсы балдардын укмуштуу окуяларын баяндайт. "Жылкы жана анын баласы" китебинен тышкары бардык чыгармалардагы башкы каармандар чыныгы биз жашаган дүйнөдөн Нарнияга түшүп калган жаш балдар болот. Алар Нарнияга Аслан аттуу арстандын чакыруусу менен Нарнияны жамандыктардан коргоп, тактыны өз ордунда калтыруу үчүн чакырылып турат. Китептер Нарниянын бүтүндөй тарыхын камтыйт. "Сыйкырчынын жээнинде" Нарния дүйнөсүнүн жаралышынан тарта "Акыркы согушта" ал дүйнөнүн жок болушуна чейинки окуялар баяндалат.

Китептер цикли бин нече булактардан эргүү алып жазылган. Салттык христиан диний темаларынан тышкары Лүис грек жана рим мифтериндеги, ошондой эле салттык британ жана ирландия жомокторундагы каармандар менен идеяларды кеңири пайдаланган.

Китептер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн фэнтези адабиятына чоң таасирин тийгизген. Негизинен балдар адабиятында боло келген темалар, мисалы дин темасы Лүис изилдеген темаларга кирбейт. Ал эми китептин раса жана жыныс сыяктуу темаларды изилдеши карама-каршы пикирлерди жараткан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ford, Paul (2005). Companion to Narnia: A Complete Guide to the Magical World of C.S. Lewis's The Chronicles of Narnia (Revised ed.). San Francisco: Harper. ISBN 978-0-06-079127-8.