Народниктер

Википедия дан

Народниктер, элчилдер – 19-кылымдын 2 жарымында Россиядагы ар кыл чиндеги интеллигенттердин кыймылы жана идеологиясы. Россиянын крепостнойлук жана капиталисттик жол менен өнүгүшүнө каршы чыгып, дыйкандар революциясы аркылуу жеке бийлик кулайт деген ишенимге таянган. Негиздөөчүлөрү – А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, идеологдору – М. А. Бакунин, Т. А. Лавров, П. Н. Ткачёв. 1860–80-жылдары народниктердин негизги уюмдары – Ищутин ийрими, «чайковчулар», «москвалыктар», «Жер жана эркиндик», «Чёрный передел», «Эл эрки» жана башка пайда болгон. 1870-жылдары «дыйкан революциясын» ишке ашыруу үчүн Россиянын алдыңкы жаштары «элге барууну» уюштурушкан (ушундан улам народниктер же элчилдер деп аталган). «Эл эрки» уюму жеке бийликти жок кылуу, демократиялык республиканы орнотуу максаты менен программасында биринчи жолу саясий күрөштүн зарылдыгын коюшкан. Бирок алар саясий күрөштүн керектигин туура койсо да, аны жеке террор менен ишке ашырабыз деген зыяндуу тактикага азгырылышкан. 1880-жылдын 2-жарымы – 1990-жылдын 1-жарымында дыйкандардын таптык жиктелишинен (кедей, кулак) жана пролетариаттын революция чыл күрөшүнүн өсүшүнөн улам Н. кулактардын мүдөөсүн көздөгөн либералдык агымга айланган. Алардын программасы мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн негизин сактоо мененмайда өндүрүүчүлөрдүн абалын жакшыртууга багытталып, буржуазиялык-реформисттик мүнөз алган. Либерал народниктер революциячыл демократизмдин идеологиясынан кол үзүп, Россиядагы боштондук кыймылга тескери таасир тийгизген. 1902-жылы народниктердин ар кошкон калдыктарынан эсерлер партиясы куралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]