Народничество

Википедия дан

Народничество , Орусиядагы разночиндик интеллигенциянын 19-кылымн 2-жарымындагы идеологиясы жана кыймылы.

Алар крепостнойлукка жана Орусиянын капиталисттик жол менен өнүгүүсүнө каршы турушкан жана дыйкандар көңтөрүшү аркылуу (падышалык жеке бийликти) самодержавиени кулатууну жакташкан. негиз салуучулары – А. И. Герцен, Н. Г. Чернывшевский, идеологдору – М. А. Бакунин, П. Л. Лавров, П. И. Ткачёвдор болушкан. 1860–80-ж. негизи народниктер уюмдары – ишутинчилер, “чайковчулар”, “москвичтер”, “Жер жана эркиндик”, “Чёрный передел”, “Эл эрки” түзүлүп, аракеттенген. 1880-ж. экинчи жарымы 90-ж. биринчи жарымында “Эл эрки” уюмумун талкалашы менен Народничество кризиси башталган. 1880–90-жылдары Народничество либералдык агымы күч алган.

Алардын программасы мамлекеттик жана коомдун түзүлүштүн негизин сактоо менен реформистик багытты жакташкан. Народниктер революциячыл күрөштөн баш тартышып, легалдуу басмалар аркылуу Орусиянын капиталистик эмес өнүгүү жолун пропагандалаган. 1902-ж. народниктердин ар кошкон калдыктарынан эсерлер партиясы куралган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]