Михаил Бакунин
Көрүнүш
(«Бакунин, Михаил Александрович» барагынан багытталды)
Михаил Бакунин | |
Толук аты-жөнү | Михаил Александрович Бакунин |
---|---|
Төрөлгөн |
30.5.1814 (18) Прямухино айылы, Новоторжокдук уезд, Тверская губерниясы, Орусия империясы |
Көз жумган |
01.7.1876 (19.6) Берн, Швейцария |
Доор | 1840—1876 |
Олуттуу идеялары | Анархизм, Панславизм |
Михаил Александрович Бакунин (1814–76) – орус революционери, анархизмдин жана народниктердин идеологу.
Ал 1836–40-жылы Москвада жашаган. Фихтенин, айрыкча Гегелдин философиясын окуп үйрөнүп, консервативдик рухта талкуулаган. Орусияда биринчилерден болуп, «Логиканын илими» жана «Рухтун феноменологиясына» таянып, философия илиминин максаттарын чечүүгө аракет жасаган. 1840-ж. эмиграцияда жүрүп младогегельянчыларга кошулган. Фейербахтын философиялык көз-караштарынын таасири астында жүргөн.
Бакуниндин оюу боюнча:
- тарых – бул адам баласынын «жаныбарлар дүйнөсүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу;
- дин – бул коомдун аң-сезиминдеги жаңылышуу.
Бакунин Прагада, Дрезденде 1848–49-ж. болгон революцияларга катышкан.
Маркс, Энгельс, Ленин Бакуниндин анархисттик идеяларын сынга алышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8