Мазмунга өтүү

Михаил Бакунин

Википедия — ачык энциклопедия
Михаил Бакунин
Михаил Бакунин
Толук аты-жөнүМихаил Александрович Бакунин
Төрөлгөн30.5.1814 (18)
Прямухино айылы, Новоторжокдук уезд, Тверская губерниясы, Орусия империясы
Көз жумган01.7.1876 (19.6)
Берн, Швейцария
Доор1840—1876
Олуттуу идеяларыАнархизм, Панславизм

Михаил Александрович Бакунин (1814–76) – орус революционери, анархизмдин жана народниктердин идеологу.

Ал 1836–40-жылы Москвада жашаган. Фихтенин, айрыкча Гегелдин философиясын окуп үйрөнүп, консервативдик рухта талкуулаган. Орусияда биринчилерден болуп, «Логиканын илими» жана «Рухтун феноменологиясына» таянып, философия илиминин максаттарын чечүүгө аракет жасаган. 1840-ж. эмиграцияда жүрүп младогегельянчыларга кошулган. Фейербахтын философиялык көз-караштарынын таасири астында жүргөн.

Бакуниндин оюу боюнча:

  • тарых – бул адам баласынын «жаныбарлар дүйнөсүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу;
  • дин – бул коомдун аң-сезиминдеги жаңылышуу.

Бакунин Прагада, Дрезденде 1848–49-ж. болгон революцияларга катышкан.

Маркс, Энгельс, Ленин Бакуниндин анархисттик идеяларын сынга алышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]