Насирэддин Туси

Википедия дан

Насирэддин Туси Абу Жафар Мухаммед ибн Мухаммед ибн Хасан Абу Бакр (1201-1274) — илимпоз-энциклопедист жана мамлекеттик ишмер.

Аламут исмаилилерге жана монгол ильханы Хулагуга кызмат өтөгөн.

Марага обсерваториясын уюштуруп, «Зидж Эдьхани» астрономиялык каталогун түзгөн. Чыгышта белгилүү «Насирдин этикасы», «Ибн Синанын философиясы жана логикасын чечмелөө» деген эмгектерди жазган.

Математика боюнча «Параллель сызыктардын кесилишпестиги жөнүндө трактат» жана «Евклиддин чыгармасы» деген китептерди жазып, параллель жөнүндөгү постулат үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы менен байланыштырылган.

«Толук төрт жактуу жөнүндө трактат» деген эмгегинде жалпак жана сфералык тригонометрия өзүнчө окуу сабагы катары баяндалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9