Насыров Болот

Википедия дан

Насыров Болот (29. 4.1948, Жайыл району, Кызыл-Дыйкан кыштагы -2008, Бишкек) - таланттуу режиссёр, музыкант.

Улуттук радио компаниясынын отличниги (2007).

Суусамырдан башталгыч классты 8-Март негизги мектебинен бүтүрүп, окуусун Фрунзедеги №5 орто мектебинен уланткан. Эмгек жолун 1963-ж. Кыргыз драма театрынын алдындагы студиядадан баштаган. Ал жерден «Уядан учкандар» спектаклине катышып, карыянын ролун аткарган. Бул ролу үчүн I даражадагы дипломго татыктуу болгон.

1968-70-жылдары Советтик Армиянын катарында (Россия, Кострома облусу) кызмат өтөйт.

Ал жактан үйлөмө аспаптар курсун, 1972-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Москвадан режиссёрлордун 3 айлык курсун бүтүрөт. Филармониянын астындагы элдик оркестрде комузчу, Кыргыз радиосунда үн режиссёр, оператор, музыка жасалгалоочу, телефильмде оператор болуп иштейт. Ал “Золотой початок”, «Форель», «Папан ГЭСи», Болот Миңжылкиевдин, Самара Токтакунованын чыгармачылык жолу деген даректүү фильмдерди тарткан. Кийинчерээк Каракол шаардык радиосунда эмгектенип, «Ак толкун * рубрикасын эфирге чыгарып турган (1987-91). Чүй облустук «Сары-Өзөн» радиосун негиздөөгө катышып, «Сары-Өзөн», «Бейпил түн», «Асылзат», «Мухит», «Түнкү сырдашуу» жана «Театр дүйнөсүндө» берүүлөрүн эфирге алып чыгып турган.

Муну менен катар эле Улуттук, радио комитетинде «Казына» бөлүмүндө да эмгектенген. Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу», О. Султановдун «Ак-Жол», Ж. Эгембердиевдин «Канат хан», Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» классикалык чыгарларын жогорку деңгээлде радиолоштуруп, ошондой эле кыргыз искусство корифейлеринин (Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. Жумадылов, К. Досумбаев, Г. Дуулатова ж. б.) үндөрүн радионун алтын казынасына жазып калтырган.

Ар дайым иштеген жерлеринде жаштарга чыгармачылык жактан жардам берип, акыл-кеңешин айтып келген. Ал «Эмгектин алдыңкысы» (2 жолу), Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү төш белгилерин алган.

Ардак грамоталар менен сыйланган. Теги суусамырлык, жаныш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9