Насыр Абышев

Википедия дан

Абышев Насыр 1900-жылы азыркы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

1920-1927-жылдары бай кулактарда эгин эгип иштеп, 1927-1928-жылдары жер көңтөрүшү болуп, бай кулактарга каршы түзүлгөн айылдык активистер тобунда мүчө болгон. 1928-1930-жылдары Калмак-Кырчын айыл кеңешинде секретарь, 1930-1932-жылдары Көк-Арт алты айыл батрачкомунда секретарь, 1932-1933-жылдары Калмак-Кырчын айыл кеңешинде төрага, 1933-1938-жылдары Тогуз-Торо айыл кеңешинде секретарь, Жалал-Абад райкомунда инструктор, Ворошилов атындагы колхоздо ферма башчысы, Октябрь райисполкомунда инструктор, 1938-1943-жылдары Октябрь районунда эл соту, 1943-1960-жылдары Сузак, Ачы, Базар-Коргон райондорунда Эл соту, Жалал-Абад областтык сотунда мүчө болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. 1931-жылдан КПССтин мүчөсү болгон. Советтик партия иштеринде жана сот системасында үзүрлүү эмгектенгени үчүн, бир нече медаль, ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3