Натали Дормер

Википедия дан

Натали Дормер (англ. Natalie Dormer;1982-жылы 11-февралда туулган) — англиялык актриса. Ал Беркширде жарык дүйнөгө келип чоңойгон, "Chiltern Edge" жана "Reading Blue Coat School" орто мектептеринде билим алып, Лондондогу Вебер Дуглас атындагы драма көркөм-өнөр академиясында такшалган. Ал 2003-жылы Шекспирдин "Жаңылыштыктар комедиясы" комедиялык тасмасында алгачкы актердук ролун аткарган. Ал Лассе Холстромдун "Казанова" (англ. Casanova, 2005) жана ага улай эле "Алыскы жээктер" (англ. Distant Shores, 2005) тасмалары менен экрандагы алгачкы дебютун жасаган. Ал "Showtime" телекомпаниясынын "Түдорлор" (англ. Tudors, 2007-2008) сериалында Анна Болейндин образын ийине жеткирип ачып бергени үчүн мактоого алынган жана драма сериалдарындагы башкы каармандын образын жаратканы үчүн "Жемини" ("Gemini") сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Ал сахнадагы дебютун 2010-жылы Яң Вик театрындагы "Таттуу эч нерселер" (англ. Sweet Nothings) спектакли менен жасаган. Андан кийин Мадоннанын "Б.И.З" (англ. W.E., 2011) тасмасында Йорктун герцогинясы Элизавета Боуз-Лайондун образын жана "Капитан Америка: Биринчи өч алгыч" (англ. Captain America: The First Avenger, 2011) тасмасында катардагы жоокер Лоррейндин ролун жараткан. 2012-жылы Яң Вик театрында "Мисс Жулиден кийин" спектаклиндеги аткаруу чеберчилиги үчүн сынчылардын баасына татыган. Дормер "HBO" компаниясынын "Такты оюндары" (англ. Game of Thrones, 2012-2016) сериалында Маргари Тайрэллдин образын жаратуу менен эл аралык деңгээлде таанымал боло баштаган. Өз ролу үчүн ал АКШ киноактерлор гилдиясынын эки сыйлыгына көрсөтүлгөн (2014-2015). Ошондой эле, ал "CBS" телекомпаниясынын "Башталгыч" (англ. Elementary, 2013-2015) киносериалында Ирэн Адлер/Мориартинин, "Ачка оюндар: Куудул чымчык — 1-бөлүк" (англ. The Hunger Games: Mockingjay – Part 1, 2014) жана "2-бөлүк" (англ. Part 2, 2015), "Токой" (The Forest, 2016) тасмаларында тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]