Натали Портман

Википедия дан
Натали Портман (2009)

Натали Портман (англ. Natalie Portman;туулгандагы аты Нета-ли Хершлаг, иврит тилинде: נטע-לי הרשלג‎‎;, 1981-жылы 9-июнда туулган) - америкалык жана израилдик актриса. Ал биринчи жолу 1994-жылы "Леон" (фр. Léon, англ. The Professional) тасмасында Жан Рено менен бирге тартылган. Ал кийин "Жылдыздар согушу" (англ. Star Wars) үчилтигинде (1999, 2002 жана 2005-жылы чыккан) Падме Амидаланын ролун аткарган.

Атасы еврей, энеси америкалык болуп Иерусалимде төрөлгөн, үч жашынан баштап АКШнын чыгыш бөлүгүндө чоңойгон. Актриса Лонг Айланддагы мектепте окуп жүргөндө эле бий курстарына барып, акыркы класстарда "Жылдыздар согушу 1" (англ. Star Wars: Episode I – The Phantom Menace) тасмасыне тартылган. 1999-жылы Гарвард университетинин психология адистигине тапшырган жана актрисалык жумушта иштегенче, бакалаврдык даражага 2003-жылы ээ болгон. Университетте окуп жүргөндө ал "Жылдыздар согушу 2" (англ. Star Wars) тасмасына тартылган жана 2001-жылы "New York City's The Public Theater" театрында Антон Чеховдун "Ак чардак" ( англ. The Seagull) пьесасында ойногон.

Портман "Алтын глобус" сыйлыгын жеңип, "Жакындык" (англ. Closer, 2004) психологиялык драмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. "Жылдыздар согушу 3" (англ. Star Wars: Episode III – Revenge of the Sith) тасмасында 2005-жылы роль жаратып, "Эң мыкты актриса" номинациясында Канаданын ар жылда ыйгарылып туруучу "Constellation Award" сыйлыгын алган. Н. Портман "Вендетта үчүн В" (англ. V for Vendetta, 2006) тасмасындагы эмгеги бааланып, "Эң мыкты актриса" номинациясында "Сатурн" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал "Гойянын арбактары" ( англ.Goya's Ghosts, 2006) жана "Болейн тукумунан дагы бир кыз" (англ. The Other Boleyn Girl, 2008) тасмаларында башкы ролдорду жараткан. Ошондой эле "Тор" (англ. Thor, 2011) тасмасында жана анын 2013-тартылган уландысында дагы катышкан. 2010-жылы, Портман "Кара куу" (англ. Black Swan) психологиялык триллеринде ойногон. Анын бул фильмдеги эмгеги жогору бааланып, "Эң мыкты актриса" номинациясында"Оскар" сыйлыгын, "Алтын глобус" сыйлыгын, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын жеңип, ал эми 2011-жылы BFCA Award сыйлыгын алган. 2016-жылы, ал «Жеки» (англ. Jackie) көркөм тасмасында Жаклин Кеннединин ролун ойногон. Ал бул ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына "Алтын глобус" сыйлыгына, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына , талапкер болгон жана BFCA Award сыйлыгына арзыган.

2008-жылдын май айында, Н. Портман Канн кинофестивалынын 61- аземинде калыстар тобунун эң жаш мүчөсү болгон. Ошол эле жылы ал "Нү Йорк, мени сени сүйөм" (англ. New York, I Love You) топтук тасмасынын бир бөлүгүнө режиссер болгон. Н. Портман режиссер катары алгачкы жолу "Сүйүү менен караңгылыктын окуясы" (англ. A Tale of Love and Darkness) тасмасын 2015-жылы тарткан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]