Натрий гидроксиди

Википедия дан

Натрий гидроксиди, щелочтуу натрий, NaOH – бөлмө темп-расында туруктуу түссүз кристалл, тыгызд. 2,13 г/см3, балкып эрүү t 320оС, кайноо t 1378оС. Пайда болуу жылуулугу DН0298 = -101,91 ккал/моль. Н. г. нымды тартып алууга жөндөмдүү. Суу менен реакцияга киргенде көп өлчөмдөгү жылуулукту бөлүп чыгарат. Эригичтиги жогору, суудагы эритмеси күчтүү щелочтук реакцияны берет. Темп-рага жараша суудагы эритмесинен ар кандай кристаллогидраттар бөлүнөт: - 24оС NaОН ·7Н2О; - 17оС NaOH·5Н2О; -17-+5оС NaOH·4Н2О; 5,4-12оС NaOH·3,5Н2О; 12-61,8оС NaOH·2Н2О, андан жогору температурада (NaOH). Н. г. абадан СО2 сиңирип алып, натрий карбонатын пайда кылат. Н. г. аммиакта, көпчүлүк органикалык  эритмелерде эрибейт. Ачык денеге, кагазга, органикалык  заттан жасалган буюмдарга тийгенде күйгүзөт. Аны менен иштөөдө коопсуздук эрежесин сактоо керек. Н. г. химимялык  жана электр-хим. ыкма менен алынат. Электр-хим. ыкма менен натрий хлоридин NaCl сууда эритип, электролиздөөдөн кошумча зат катары хлор алынат. химимялык  ыкма жана ысытылган натрий карбонаты менен акиташ Са(ОН) 2 өз ара аракеттенишинен 10-12 % Н. г. эритмеси алынат. Н. г. химимялык  жана башка өнөр жайында кеңири колдонулган зат. Техникада каустикалык сода деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]