Натрий карбонаты

Википедия дан
Тамак-аш содасы

Натрий карбонаты (лат. Natrii hydrocarbonas) башка аталышы Сода — Кадимки карбонат Nа2СО3 — суусузданган С. же кристаллдашкан С. (кристаллогидрат Na2С.О310Н2О); гидрокарбонат (бикарбонат) NaНСО3 ичилүүчү С. деп аталат. Суусуз С. — түссүз кристалл зат, тыгызд. 2,53 г!см3, эрүү I 853°С. Сууда жакшы эрийт. Ичилүүчү С. — ак кристаллдар, тыгызд. 2,16-2,22 г/см3, 50°С жогорку температурада ысытканда ажырайт. Табигый булактары анча көп эмес (минералдары натрий, термонатрий, трона). Na2СО3 — химимялык  өнөр жайындагы бирден бир негизги продуктусу, көбүнчө NаСl эритмесин NH 3 жана СО2 катышуусунда 140-160°C чейин ысытуу менен алынат. Na2СО3 айнек, самын, текстиль, целлюлоза-кагаз өнөр жайында, нефтини тазалоо үчүн жана башка колдонулат. NаНСО3 жасалма минералдык суулар алууда, мед-да, турмуш-тиричиликте кецири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]