Натуралай акы

Википедия дан

Натуралай акы - эмгек акыга азык-түлүк төлөө.

Колхоз уюшулган алгачкы жылдарда өндүргүч күчтөрдүн ж-а акча-товар мамилелеринин начар өнүккөндугунө байланыштуу колхозчуларга эмгек акы натуралай (эгин, эт, сүт, май, картошка ж. б.) төлөнгөн.

Ал коомдук өндүрүштө иштегендердин санына жараша бөлүштүрүлүп, үй-булөнүн аз-көптүгү да эске алынган. Кийинчерээк сарпталган эмгектин ж-a бөлүштүрүүнун ченеми катары эмгек күн кабыл алын­ган. Колхоздо эмгек акы төлөө фонду акчалай ж-а натуралай кирешени өндүрүштүк ж. б. керектөөлөргө бөлүштургөндөн кийин гана пайда болгон. Сарпталган эмгекти акчалай эсептөө, гарантиялуу акы төлөөнүн ишке ашырылышы колхозчулар арасында эмгек акыны натуралай бөлүшүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берди. Колхозчулардын жалпы эмгек акысында Н. а-нын үлүшү 1965-ж. 20,6% болсо, 1972-ж. 5%ке чейин төмөндөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979