Натуф маданияты

Википедия дан

Натуф маданиятымезолит мезгилинен калган археологиялык мадабият. Палестина тарыхый облусунун, ошондой эле азыркы Сирия менен Түштүк Түркиянын аймагында Биздин заманга чейинки 10-8-миң жылдыкта тараган. Вади-эн-Натуф дарыясынын боюндагы Шукба үнкүрүнөн (Иерусалимден 27 км түндүк-батышта) алынган (1928-32) табылгаларга таянып, англиялык археолог Д. Гэррод ачкан. Натуфтуктар негизинен үңкүрдө, кээде үстү ачык жер кепеде жашап, аңчылык, балыкчылык, жыйноочулук мененкүн көрүшкөн. Бара-бара алгачкы дыйканчылык маданиятына өтүшкөн. Изилдөөчүлөрдүн көбү дүйнөдөгү эң эзелки жөнөкөй дыйканчылык натуф маданиятынын тушунда эле пайда болгон деп божомолдошот. Натуф маданиятынын убагында микролит куралдары, таш орок, соку, сокбилек, сөөк дегээ жана кайырмактар колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]