Неболюбов Юрий Евгеньевич

Википедия дан

Неболюбов Юрий Евгеньевич (25. 3. 1915, Томск – 2. 12. 1973, Фрунзе) – техника илимдеринин доктору (1960). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1969; корреспондент мүчөсү, 1961). 1937-жылы Томск индустрия институтун бүткөн. 1940-жылы Томск политехникалык институтунда проректор, 1948–60-жылы Томск электр-механика институтунда кафедра башчысы, 1962–67-жылы Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун директорунун орун басары, 1967– 69-жылы директор, 1973-жылы Кыргыз ССР ИАнын Башкы окумуштуу секретары. Электр жана магнит чоңдуктарын өлчөөнүн жаңы методдорун түзүү, автоматиканын техникалык каражаттарынын – синхрондуу компенсаторлордун иштешин жакшыртуу боюнча адис. Н. – 9 ойлоп табуунун автору. Эмгек: Коммутация коллекторных машин переменного тока. Ф., 1965.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]