Нева салгылашы (1240)

Википедия дан
Нева салгылашы (1242)‎»‎ барагынан багытталды)

Нева салгылашы – 1240-жылы 15-июлда Нева дарыясында орус-швед аскерлеринин ортосунда болгон салгылаш. Шведдер Балтика деңизиндеги орустардын соодасын көзөмөлдөө үчүн Нева дарыясынын куйган жерин жана Ладога шаарын басып алуу максатын көздөгөн. Швед королу Эрик ХIнин күйөө баласы Биргер жетектеген швед армиясына норвегдер менен финн уруулары да кирген. Алардын басып киргенин уккан Новгород князы Александр Ярославич Волхов дарыясын бойлоп, алардан мурда Ладогага чыккан. Ага ладогалыктар кошулган. Ал кезде шведдер Ижор дарыясынын куймасына жеткен. Тумандан пайдаланган орус аскери күтүлбөгөн жерден швед лагерине сокку уруп, душманды кыйраткан. Салгылаш күүгүм киргенде аяктап, Александр Ярославичтен жарадар болгон Биргер калган аскерлери менен чегинген. Гаврила Олексич, Збыслав Якунович, Яков Полочанин жана башка жоокерлер өзгөчө эрдик көрсөткөн. Князь Александр Ярославич салгылашка кол башчылык кылып, эрдик көрсөткөнү үчүн Невский деп аталган. Нева салгылашы – орус элинин көз карандысыздыгы үчүн баатырдык күрөшүнүн бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]