Негиз (лингвистика)

Википедия дан

Негиз (лингвистика) – сөздүн сөз өзгөртүүчү морфемаларын алып салгандан кийин да лексикалык маанини билдирген жана сөздүн структурасын, анын морфемалык курулушун аныктоо үчүн зарыл болгон бөлүгү.

М.: Малчылардын деген мисалда сөз өзгөртүүчү морфемалар -лар, -дын. Ошондо Негиз катары малчы сөзү эсептелет. Негиз, демек, лексикалык маанини туюнтуп толук маанилүү сөз түркүмүнө тиешелүү болот да, структуралык жактан ачык болот.

Түзүүчү морфемалардын санына жараша Негиз бир гана түзүүчүдөн туруп, жөнөкөй Негизди уштурса, экиден кем эмес түзүүчүдөн туруп, татаал Негизди уюштурат. Бир гана түзүүчүдөн уюшулган Негиз тубаса Негиз деп аталса, экиден кем эмес түзүүчүдөн уюшулган Негиз туунду Негиз деп аталат. Жогорку мисал туунду негиз болот. Тубаса Негиз тилдик өнүгүүнүн азыркы этабында андан ары түзүүчүлөргө ажырабайт, бир гана түзүүчүдөн болот да, уңгуга дал келет. Ал эми туунду Негиз тубаса негизге жардамчы морфемалардын кошулуп айтылышы же уңгулардын биригип айтылышы аркылуу жасалат да, туунду сөз катары колдонулат: илим+поз, илимпоз+дук-тун, алпкаракуштардын ж.б. Демек, мындан туунду Негиздин морфемалык тутуму ар түрдүү боло тургандыгы көрүнөт.

Берилген мисалдарда илим тубаса Негиз– илимпоз туунду негиз, илимпоздук – туунду негиз, алпкаракуштардын – деген сөз эки уңгудан жана 2 мүчөдөн турган туунду Негиз Туунду Негиз тубаса Негизден жасалат. Ошондуктан тубаса түзүүчү Негиз деп да аталат да, туунду Негиздин жасалышы үчүн материалдык каражат катары кызмат кылат. (Дагы карап көрөм).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4